• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто унаа жуучу жайда 11-класстын окуучусу каза болду

18 Жетинин айы 2019 16:10 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын Жапалак кичи районундагы унаа жуучу жайда 11-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Абдысатар Тавакалов Govori.TVга билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон окуучу Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 2003-жылы туулган А.Т. аттуу жараны болгон.

  «Бала Ош шаарындагы унаа жуучу жайда биринчи чейректен кийинки эс алуу күндөрү акча табам деп Ошто иштеп жүргөн. Окуучу иштеп жатып өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп жыгылган жеринен мерт кеткен. Ата-энеси баласынын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. Учурда тергөө  иштери жүрүүдө», — деп билдирди Абдысатар Тавакалов.

Количество просмотров: 1624