• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдары жанданды

21 Кулжа 2024 9:17 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынан Ысык-Көлгө аба каттамдары жанданды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-июнда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна Ош шаарынан биринчи учак келип конду. Аны менен Кыргызстандын экинчи борборунан 96 жүргүнчү учуп келди.

«Алдыда июль айынан баштап Ош жана Жалал-Абад шаарларынан күн сайын каттамдар аткарыла тургандыгы пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 145