Парижде өткөн Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар менен алардын машыктыруучулары жана дарыгерлер 13-августта Кыргызстанга кайтып келишти.
Аларды “Манас” эл аралык аэропортунан туугандары, күйөрмандары жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү тосуп алышты.
26-июлдан 11-августка чейин өткөн Париж ХХХIII Жайкы Олимп оюндарына 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышты. Анда жалпысынан 329 комплект медал ойнотулду.
Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барды.









