28-август Париж шаарында (Франция) XVII жайкы Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү.
Паралимпиаданын ачылыш аземи Елисей талаалары бульварын бойлой басып өтүшүп, 65 миңдей көрүүчү катышуучуларды салтанаттуу түрдө тосуп алышты.
Мелдештерге 182 өлкөдөн келген 4400 спортчу 22 спорттун түрүнөн катышат. Жалпысынан 549 медаль топтомдору ойнотулуп, иш-чара 8-сентябрга чейин уланат.
Кыргызстандан төрт спортчу өлкө намысын коргойт. Алар: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг)