Париждеги Олимпиада оюндарында байгелүү орунду алган спортчуларга мамлекет канча акчалай сыйлык берери айтылды.
Маалыматка ылайык, алтын алган спортчуга 10 млн сом, күмүш үчүн 7 млн жана коло байге үчүн 5 млн сом сыйлык берилет.
Эске салсак, Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болсо, грек-рим күрөшүнөн Жоломан Шаршенбеков Кыргызстанга коло медал утуп берди.
Олимпиада оюндары 11-августта жыйынтыкталат.