• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

PISA сынагына үч күндө 1381 окуучу катышты

4 Чын куран 202513:54 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA-2025) алгачкы үч күнүндө Кыргызстанда 1381 окуучу тест тапшырганын билдирди. Анын ичинен 1054ү кыргыз тилинде, 145и орус тилинде жана 183 окуучу тесттен өзбек тилинде өттү.

Тестирлөөгө өлкөдөгү 197 жалпы билим берүү уюмунан 6700дөн ашуун окуучу катышат. Изилдөөнү өткөрүү үчүн Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти 14 мобилдик топ түздү. 1-апрелде башталган өнөктүк 30-апрелде аяктайт.

Количество просмотров: 566