• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Порошенко дагы бир жолу шакабачылардын торуна түштү

6 Бештин айы 20179:18 Бишкек Govori.TV

Грузиянын атайын кызматынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатам деп ойлогон Украинанын президенти Петр Порошенко,  белгилүү шакабачылар Вован менен Лексус  торуна дагы бир жолу кабылды.

Өлкөдөгу кырдаал, Михаил Саакашвили тууралуу божураган Петр Порошенко эч нерседен шекшиген эмес.

-Алло! Привет дорогой!

-Привет

-Что у вас там происходит?

Мына ушу жерден баштап Петр Порошенко Саакашвилини тапканын, ал Орусиянын атайын кызматы менен байланышып, акча алып жаткан жеринен кармалганын. Башкы прокуратура маалымат жыйын берип, видеолордун баарын көргөзгөнүн айтып кирет.

Бул Петр Порошенко кабылган биринчи ыңгайсыз окуя эмес. Мурда ушул эле Вован менен Лексус деген шакабачылар ага Алмазбек Атамбаев болуп чалган. Кыргызстандын президенттинин аппараты эч кандай телефондук сүйлөшүү болбогондугун жарыялагандан кийин гана, бул шакаба экени белгилүу болгон.

Количество просмотров: 25