• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Прагада университеттеги кол салуудан 15 киши мерт болду

22 Бештин айы 2023 12:54 Бишкек Govori.TV

21-декабрь күнү кечинде Прага шаарындагы Карлов университетинин имаратында белгисиз кишинин ок атуусунан «15тен ашык адам» каза болуп, дагы ону жаракат алды. Алардын тогузунун абалы оор экени кабарланууда.

Праганын мэри Богуслав Свобода шектүү бийиктиктен секирип каза болгонун билдирди. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал аталган университеттин 24 жаштагы студенти болгон. Ал оптикалык мээлегичи бар мылтыктан ок чыгарган.

Күбөлөрдүн айтымында, шектүү өз атасын атып өлтүргөнүн, эми башкаларды да жок кыларын айтып кыйкырган.

tn.cz агенттиги имараттын чатырында колуна курал кармап турган эркек кишинин сүрөтүн жарыялады.

Окуу жай жайгашкан Ян Палах аянты жана анын тегереги курчоого алынып, полиция ал жакка барбай турууну эскертүүдө.

1348-жылы негизделген Карлов университети дүйнөдөгү жана Чехиядагы алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири. Анда 50 миңден ашуун студент билим алат.

Чехияда жарандардын ок атуучу куралга ээ болуу укугу Конституцияда 2021-жылы бекитилген.

Теги:
Количество просмотров: 98