КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Прага шаарында өткөн «Көпүрөлөр жана байланыштар» аттуу Борбор Азия форумуна катышты.
Форумдун алкагында миграциядагы мекендештер арасында жана алардын балдарына мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн ыңгайлуу жолдору жана биргелешкен долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Эскерте кетсек, аталган форум КР Жогорку Кеңешиин төрагасынын алдындагы миграция кеңешинин жетекчиси Улан Ногойбаев жана Прага шаарындагы Кыргыз «Ала-Тоо» диаспорасынын төрайымы Айжан Байшүкүрова тарабынан эл аралык деңгээлде уюштурулуп, форумга Улуу Британия, Италия, Венгрия, Австрия ж.б. өлкөлөрдөгү кыргыз диаспора өкүлдөрүнүн лидерлери катышты.
Мындан сырткары, 15-сентябрда Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев мекендештер менен атайын жолугуп, Улуттук комиссия тарабынан жарыкка чыккан колдонмолор, сөздүктөр тууралуу, аларды электрондук тармак аркылуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн, балдарга арналып чыгарылган мультсериалдар жана «Кыргызча оңой” / “Easy Kyrgyz” кыргыз тилин жеңил үйрөнүүчү мобилдик колдонмо туралуу ошону менен бирге «Кыргыз таануу» окуу курсу боюнча ой бөлүштү.