• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Премьер-министр  байланыш кызматкерлерин куттуктады

7 Бугу 2018 10:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.05.2018. Govori.TV
КРын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев байланыш тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анын куттуктоосун өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү таратты.
Анда Кыргызстанда 1948-жылы төрт радиорелейлик станциядан турган линия орнотулуп пайдаланууга берилгени, ошондон бери өлкөнүн байланыш тармагы өнүгүүнүн жолунда келе жатканы айтылат.
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасынын алкагында байланыш тармагында бир катар артыкчылыктар каралган: Кыргызстандын аймагында санариптик коммуникацияларга жетүүнүн инфратүзүмүн өнүктүрүү, бардык аймактарга толкун аркылуу жетүүнү кеңейтүү; коммуникациялар технологиясына негизделген сервистерди ишке киргизүү менен акылдуу жана коопсуз шаардык аймактын инфратүзүмүн өнүктүрүү. Жакынкы жылдары өлкөбүз Интернет тармактарына тез жетүү 100%га чейин, бардык калктуу конуштарда санарип берүүлөрү боюнча 100%га чейин камсыз болот”,-деп айтылат куттуктоодо.
“Урматтуу байланыш тармагындагы кызматкерлер, Сиздерди чыгармачыл ийгиликтер, жаңычыл идеялар, жаратмандык иштер коштой берсин.  Үй-бүлөңүздөргө бакыт жана бекем ден соолук каалайбыз!”,-деген Өкмөт башчы.
Количество просмотров: 13