• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Премьер-министр Бишкектеги жаңы оорукананын курулушу менен таанышты

8 Баш оона 2020 22:07 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулуш ишинин жүрүшү менен таанышып,  бул жумуштарды айтылган мөөнөттө аяктоо керектигин белгиледи.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Пайдубалы түптөлдү, учурда дубалдары менен ичин жасоо иштери жүрүп жатат. Өзүңөр билгендей, өлкөгө жугуштуу оорулардын ооруканасы абдан керек болуп турат. Ошондуктан оорукананын имаратын алдын ала даярдалган  тез тургузулуучу панель конструкциясы менен куруу чечими кабыл алынды. Муну менен биз жаңы оорукананы кыска убакытта бүткөрүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Куруучулардын милдети — башталган нерсени аягына чейин бүтүрүп, объектини өз убагында өткөрүп берүү», — деди Кубатбек Боронов. 

Өкмөт башчы жаңы ооруканаларды куруу жана аймактардагы имараттарды оңдоо иштери жарандардын ден соолугуна кам көрүү максатында жасалып жактанын айтты. 

«Саламаттык сактоо системасын жаңылоо керектигин мезгил көрсөтүүдө. Бүгүнкү күндө республика боюнча медициналык мекемелерде орундардын жетишсизди курч маселе болуп турат. Ушуга байланыштуу бардык облустарда эски имараттарды жана ооруканаларды калыбына келтирүү, үч шаарда Бишкек, Ош жана Нарында жаңыларын куруу иштери башталды. Жаңы ооруканаларда өзүнчө интенсивдүү терапия жана реанимация бөлүмдөрү болот. Бардык региондордогу ооруканаларды куруу жана багытын өзгөртүп, медициналык мекемеге ыңгайлаштыруу иштери аяктагандан кийин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин арызынын негизинде керектүү медициналык жабдууларды сатып алуу, даярдоо, медицина кызматкерлери менен камсыз кылуу керек», — деди Боронов.

Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, курулуш иштери бекитилген график боюнча жүрүүдө. Ар бир объектиге 30дан ашык техника жана 100дөн ашык куруучу тартылды.

Количество просмотров: 53