Итке таланган бала жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ит талаган баланы оор абалында милиция кызматкерлери 1-апрель күнү саат 19:10до Балдардын Тез жардам ооруканасына алып келишкен. Дарыгерлер балага дароо шашылыш операция жасашкан.
Ошондой эле операциядан кийин балага кутурмага жана селеймеге (столбняк) каршы эмдөөлөр жүргүзүлгөн.
Дарыгерлердин маалыматына ылайык, абалы жакшырса, бала жакынкы күндөрү палатага которулат.
1-апрель күнү Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда 6 жаштагы бала балдар аянтчасында ойноп жаткан учурда коңшу короодон чыккан үч ит талаган.