• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Президент окуучулардын телефон колдонушуна тыюу салуу тууралуу айтты

14 Жалган куран 2024 9:06 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 13-мартта кабарлады.

Жыйында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептердеги билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программанын долбоору жөнүндө маалымат берди. Басма сөз кызмат тараткан маалыматта мектептеги билим берүү боюнча жаңы программанын мазмуну айтылган жок.

Президент Жапаров билим берүүдөгү реформалар ишке ашпай келгенин айтып, жаңы программа мамлекеттин келечегин аныктай тургандай болушу керектигин белгиледи.

Мектептерде окуучулардын чөнтөк телефон колдонуусуна тыюу салган тажрыйбага көңүл буруп, ата-энелери менен бирге иш алып барууну тапшырды.

Кыргызстанда 2350дөй мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан 74 миңге жакын мугалим иштейт. Былтыр 1-сентябрда мектеп босогосун 150 миңдей бала биринчи ирет аттаган.

Количество просмотров: 87