• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Президент Түндүк-Түштүк жолу тууралуу билдирүү таратты

6 Кулжа 20260:31 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров таш кулап жаткан Түндүк-Түштүк унаа жолу тууралуу билдирүү жазды.

«Жергиликтүү калктын өтүнүчүн жана талабын эске алуу менен 1-июндан тартып ноябрга чейин убактылуу ачылган.

Бул жолго убагында дээрлик 1 млрд доллар сарпташкан. Болгону 388 км.

1 км жолдун баасы 2,29 млн доллар болгон. Жол эки тилкелүү.

Салыштыруу үчүн айтсак, 2020-жылдан кийин эки тилкелүү жолдор эмес, төрт тилкелүү жолдор 1,3 – 1,5 млн долларга салынууда.

Албетте, эки тилкелүү жолдор бул баалардын жарымына бүтмөк.

Түндүк-Түштүк автожолуна ири суммадагы каражат сарпталганына карабай, жумуштар толук кандуу бүтпөй калган.

Ошонун айынан коопсуздук жагын эске алып, колдонууга бербей жатканбыз.

“Жолдо жүрүү убактысы кыскарат эле, жолду ачып бергиле” деген элдин талабынан улам, ошондой эле жай мезгилинде көчкү жүрүү коркунучу аз деп, жогоруда айтканымдай, убактылуу ачканбыз. Бирок болбой эле таштар кулап жатат.

Ошондуктан бул жолго чыккандарды өтө этият болууга чакырам. Айрыкча жаан-чачын болуп жаткан күндөрү бул жолго чыкпаганга аракет кылыңыздар.

Транспорт жана коммуникация министрлиги кемчиликтерди жоюунун үстүндө иш алып барууда. Барпы–Сафаров тилкесинде 5 инженердик курулманы салуу боюнча иштер жүрүүдө.

Мындан тышкары, 44 инженердик коргоо курулуштарын, анын ичинде кар көчкүдөн коргоочу 8 галерея, кардан коргоочу 22 курулма, 12 тирөөч дубал жана 2 эстакадалык көпүрө курулат.

Бул иштер жол коопсуздугун жогорулатуу, транспорттук каттамдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана автомобиль жолун жыл бою пайдаланууга шарт түзүү максатында аткарылып жатат.

Азыркы учурда 3 объектиде иштер жүрүп жатат. Подряддык уюмдар толук тартылгандан кийин дагы 9 объектиде курулуш иштери башталат.

Инженердик курулмалардын курулушу толугу менен 2027-жылдын аягында бүтөт.

Ошону менен 2028-жылдын башында гана Түндүк-Түштүк унаа жолун толук кандуу пайдаланууга бере алабыз.

Кыскасы, бул жол коррупциянын символу болуп калды», – деп жазды президент социалдык тармактагы баракчасына.

Количество просмотров: 7