• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президент Жапаров 1 кылым мурун токулган килемди сатып алды

22 Жалган куран 2022 17:14 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Баткендеги Нооруз майрамы учурунда 100 жыл мурун токулган килемди сатып алды. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка караганда, Жапаров кол өнөрчүлөр аллеясы жана Баткен килемдери менен таанышып, килемдердин бирин сатып алган. Килемдин наркы 50 миң сомго бааланган. 

Уздардын айтымында, килем 1 кылым мурда жасалган. Ал муундан муунга өтүү менен сакталып келе жаткан. Нооруз майрамынын урматына атайын көргөзмө үчүн алып чыгышкан.

Количество просмотров: 320