• Бейшемби 3 Бештин айы 2020

Президенттик аппарат, ЖК, өкмөттүн аппаратынын бир жылдык чыгымы айтылды

30 сентября 2020 в 10:37 Бишкек Govori.TV

Финансы министрлиги башкы мамлекеттик органдардын бир жылдык чыгымы тууралуу маалыматты расмий сайтына жарыялады.

Маалыматка ылайык, анда 2019-жылдагы чыгымдар көрсөтүлүп, министрлик белгиленген чыгымдардын баары маяна төлөөгө эмес, чарбалык иштерге да жумшалганын билдирет.

Президенттик аппаратка 151,48 миллион сом берилип, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Аппарат — 113,77 миллион сом;
  • КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы — 1,2 миллион сом;
  • Аппараттын жалпы чарбалык иштери — 2,19 миллион сом;
  • Президенттин резервдер фонду — 34,3 миллион сом.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына 641,64 миллион сом берилип, төмөндөгүдөй бөлүндү:

  • Президенттин иш башкармалыгы — 496,78 миллион сом;
  • “Автотранспорт” мамлекеттик ишканасы, Мамлекеттик компьютердик байланыштар — 93,45 миллион сом;
  • “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы” мамлекеттик ишканасы — 12,22 миллион сом;
  • “Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы” мамлекеттик ишканасы — 39,19 миллион сом.

Өкмөттүн аппаратына 207,59 миллион сом берилип, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Аппарат — 172,48 миллион сом;
  • Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерине — 2,61 миллион сом;
  • Резервдер фонду — 32, 49 миллион сом.

Мамлекеттик маанидеги чыгымдар:

  • Экс-президенттер — 828,6 миң сом;
  • Мамлекеттик сыйлыктар — 8,11 миллион сом;
  • Саммиттерге — 472,12 миллион сом.
Количество просмотров: 58