• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президенттин уулу негиздөөчү болгон банкка лицензия берилди

9 Бештин айы 202514:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жаңы коммерциялык банк – «Берекет Банк» пайда болду. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, бул өлкөдөгү 22-коммерциялык банк болду.

«Берекет Банк» ЖАКтын башкармалыгынын төрагасы болуп Жаркынбек Сагындыков дайындалды. Ал буга чейин «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган.

8-декабрда Кыргызстандын Улуттук банкы «Берекет Банк» ЖАКка улуттук жана (же) чет өлкөлүк валютада банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия бергенин билдирген.

Банкты түзүүгө уруксат берүү чечими Улуттук банк башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 10-октябрында кабыл алынган.

Банкты президент Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов негиздегени белгилүү болгон.

Количество просмотров: 68