Бүгүнкү күндө Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти 10 миңден ашык жаранга пробациялык көзөмөл жүргүзөт. Бул тууралуу Govori TVга Пробация департаментинин Эсеп жана мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын башкы адиси Элмирбек уулу Асек билдирди.
Учурда аталган департамент санариптештирүү жаатында алгылыктуу иштеп жатат. Буга мисал видеокөзөмөл жүргүзүү ишке ашууда. Пробация аткаруу кызматы катары өз милдетин талаптагыдай аткарып жатат. Бирок, айрым учурларда бир жактуу чыккан сот чечимдери бул кызматтын ишине көлөкө түшүрүп коюуда.
Элмирбек уулу Асектин айтканына караганда, зордук-зомбулукка, террорчулук менен экстремизмге жана адам өлтүрүүгө айыпталган адамдар пробацияга чыгарылбайт. Пробациялык көзөмөлгө жеңил кылмыш жасагандар коомдон алыстабай, үй-бүлөсү менен көрүшүп, социалдык байланыштарынан ажырабасын деген гумандуу мамиле жасоодон улам чыгарылат.