Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму жана «Акыркы сөз» укук коргоо долбоору Temirov Liveдын соттолгон журналисттерине тилектештигин билдирген жолугушууну Латвиянын борбору Ригада өткөрө турганын билдирди.
Жолугушууда катышуучулар Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы жана көз карандысыз ЖМКлардын проблемаларын талкуулашат. Мындан тышкары Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорлорунун журналисттеринин соттогу акыркы сөздөрүн, иликтөөчү журналист жана Temirov Liveдын негиздөөчүсү Болот Темировдун журналист кесиптештеринин азыркы абалы боюнча сөзүн угушат, ошондой эле абакта жаткан журналисттерге тилектештик билдирген открыткаларга кол коюшат.
Эске салсак, 2024-жылдын 16-январында жогоруда аталган долбоорлордо иштеген 11 журналист (Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Жоодар Бузумов, Максат Тажибек уулу, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков) камакка алынып, үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн.
Аларга массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөөгө чакырыктар тууралуу айыптар коюлган.
Арадан бир жылдай убакыттан соң, 2024-жылдын октябрында сот Махабат Тажибек кызын 6 жылга, Азамат Ишенбековду 5 жылга, Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровду 3 жылга пробацияга кескен. Калган журналисттер эркиндикке чыгышкан.
Буга чейин дагы Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму жана башка эл аралык уюмдар журналисттерди бошотуу боюнча бийликке кайрылган.