• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Прокуратура: 186 млн сомдук айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды

24 Жалган куран 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Чүйдө 186 млн сомдук айдоо жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө, айыл чарба багытындагы жер тилкелерине карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай, муниципалдык менчикке өткөрүлбөй калган жалпы 307,5 га жер тилкеси аныкталган.

Натыйжада, жол берилген мыйзам бузууларга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 186 млн 277 миң 534 сомго бааланган, жалпы аянты 307,5га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери муниципалдык менчике кайтарылды.

Количество просмотров: 71