№2 формага (шайлоо дарегин алмаштыруу) байланыштуу 4 иш боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында Башкы прокуратуранын тергөө жана ыкчам-иликтөө иштерине көзөмөл жүргүзүү боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Жыргал Исмаилов билдирди.
Маалымат жыйында ага №2 форма боюнча суроо берилип, эл аралык байкоочулар да бир шайлоо тилкесинде №2 форма боюнча катталган шайлоочулардын саны өзүнүн жашаган дареги боюнча катталган шайлоочулардын санынан 1,5 эсе болгон учур бар экенин билдиргени айтылды.
Исмаиловдун айтымыныда, №2 форма боюнча 5 кылмыш иши катталган.
«Төртөө боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бир иш аныкталбагандыктан, кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу токтотулган», — деди ал.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого карата Кыргызстанда 441 миңден ашык жаран шайлоо дарегин алмаштырган.