• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Прокуратура: Айылга спорт комплекс куруу үчүн которулган акча кымырылган

6 Бештин айы 2022 15:54 Бишкек Govori.TV

Кемин райондук прокуратурасы тарабынан Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган айыл өкмөттүн кызмат адамдары бир катар мыйзам бузуучулуктарга барышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү менен «Б» ЖЧКнын ортосунда аткаруу мөөнөтү 6 айлык болгон аталган айыл аймакка жалпы баасы 12 035 632 сомду түзгөн кичи спорттук комплексин куруу боюнча келишим түзүлгөн. Белгиленген келишимдин шарттарына ылайык акча каражаты которуу тийиштүү жумуш аткарылгандан кийин которулат деп тургандыгына карабастан, айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдары «Б» ЖЧКнын эсебине жалпы 11 017 681 сом негизсиз которуп жиберишкен.

Ал эми, «Б» ЖЧКы тарабынан которулган акча каражатынын ичинен болгону 3 млн 591 миң 317,74 сомдук гана жумуштар бүткөрүлүп, калган 7 млн 426 миң 363,26 сом жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып жок кылынган. Мындан улам, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 416