• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Прокуратура Бишкек архитектуранын кызматкерлерине кылмыш ишин козголду

27 Кулжа 2022 11:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан борбор калаанын Салиев көчөсүндө жайгашкан мончо комплекстеринин биринде өрт чыккан факты боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүдө Бишкек шаардык мэриясынын Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы (азыркы Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди жакшыртуу жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы) тарабынан Салиев көчөсүндө жайгашкан 5 турак жай боюнча И.Д.М. аттуу жаранга кабыл алуу тууралуу ырастамасы, тиешелүү долбоору жана курууга уруксат документтери жок пайдаланууга берилгендиги аныкталган. Ал эми аталган жайлар турак-үй катары эмес, «S» аттуу мончо комплекси болуп  пайдаланылып келген.Мындан тышкары, аталган тастыктоо кагазы муниципалдык инспекциянын ырасталган объектилерин каттоо журналында жок болгондугу аныкталган, ал эми берилген тастыктоо кагазы башка турак-жай имаратына катталган.

«Муниципалдык инспекциянын кызмат адамдары кол тамганы, мөөрдү жана расмий бланктарды жасалмалоо менен 5 жеке турак жайдын курулушу бүткөрүлгөндүгү тууралуу билдирүүнү жана кабыл алгандыгы тууралуу жасалма тастыктоо кагазын беришкен. Анын негизинде «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик ишканасы тарабынан мыйзамдын талаптарын бузуу менен багыты өзгөртүлүп, архитектуралык-техникалык корутунду негизсиз иштелип чыккан. Аталган объектини тиешелүү долбоор-документтери жок ишке киргизүүнүн натыйжасында өрт коопсуздугунун ченемдери бузулуп, коммерциялык объекти өрттөнүп, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнүн бүтүндүгүнө коркунуч келтирилген»,-деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан “Бишкекбашкыархитектура” жана муниципалдык инспекциясынын кызмат адамдарына карата Кылмыш-Жаза Кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 789