• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Прокуратура: Таласта электр тармагына келтирилген 5 млн 475 миң сомдук зыян өндүрүлдү

31 Жалган куран 2022 16:28 Бишкек Govori.TV

Талас областтык прокуратурасы тарабынан жогорку чыңалуудагы тармактар аркылуу ири өнөр жай керектөөчүгө жеткирип берүүдө электр энергиясын кем эсепке алуу боюнча кылмыш ишинин тергөөсү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тергөөдө, Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жооптуу адамдары «Чат-Базар» көмөк чордонун кайра конструкциялоодо энергия жабдууларын куроо жана жөндөө учурунда өзүнүн кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылгандыктан, мамлекетке 5 млн 475 миң 34,52 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн материалдык зыян толугу менен өндүрүлүп, аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери О.А.П жана О.А.С. кылмыш жоопкерчилигине тартылышты.

Количество просмотров: 102