• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Прокуратура: Тоо-кен компаниясына мыйзамсыз документтер берилип, мамлекетке 2,3 млн сом зыян келтирилген

14 Чын куран 2022 17:21 Бишкек Govori.TV

Талас облустук прокуратурасы тарабынан токой-чарба өндүрүшүнүн жоготуулары үчүн төлөм албастан, укук күбөлөндүрүүчү документтерди тоо-кен компаниясына мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тергөөдө, Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын мурдагы бөлүм башчысы Т.С.Т. өз жумушуна шалаакылы мамиле жасап, жер аянтын жеринде изилдөөдөн өткөрбөй туруп, “Г.Ш.М.” ЖЧКсына укук күбөлөндүрүүчү документтерди берип жибергендиктен, мамлекетке 2 млн. 353 миң 824 сом зыян келтирилгендиги такталган.

«Жогоруда көрсөтүлгөн зыян “Г.Ш.М.” ЖЧКсы тарабынан толугу менен орду толтурулуп, аталган мамлекеттик мекеменин мурдагы бөлүм башчысы  Т.С.Т. кылмыш жоопкерчилигине тартылды»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 116