• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Прокуратура: «Унаа» ишканасынын кызматкерлери мамлекетке 7,8 млн сом зыян келтирген

30 Жалган куран 202217:05 Бишкек Govori.TV

Транспорт прокуратурасы «Унаа» мамлекеттик мекемесине атайын текшерүү жүргүзүп, бир катар кылмыштык жагдайларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мекеменин кызмат адамдары Sigma Compact-200 мобилдик асфальт заводун КНС төлөбөгөнүнө, Бажы кызматы шарттуу чыгарганына карабастан, мыйзамсыз каттоодон өткөргөн. Мунун натыйжасында мамлекетке 7 млн 803 миң 165 сом зыян келген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануусу) менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 212