• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Прокуратура жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш ишин козгоду

27 Жалган куран 2023 16:03 Бишкек Govori.TV

Жер тилкелерин саткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышы боюнча Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн.

«Текшерүүдө аталган комиссиянын мүчөлөрү бир нече кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупциялык жол аркылуу Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди документтерди жасалмалоо жолу менен жеке тараптардын менчиги катары катташып, кийин документтерди жасалмалоо жолу менен багытын калктуу конуштар категориясына мыйзамсыз которушкандыгы аныкталган. Натыйжада, алар жарандарга аталган жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз сатышып, мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтиришкен»,-деп жазылат маалыматта.

Бул факты боюнча Чүй облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 78