• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Путин Ислам мамлекети террордук тобу Эфрат жээгинде толук жеңилгенин жарыялады

7 Бештин айы 20179:38 Бишкек Govori.TV

Россия президенти Владимир Путин Ислам мамлекети террордук тобу Сириянын Евфрата жээгинин эки өйүзүндө тең толук талкаланганын жарыялады.

“Эки саат мурун коргоо министри Евфрата жээгинин батыш жана чыгыш жээгиндеги операция террористтердин толук талкалануусу менен бүттү деп билдирди”-деди Владимир Путин.

“Албетте, эми деле айрым каршылык көрсөтүүчү очоктор болушу мүмкүн, бирок жалпысынан бул аймактагы согуш толук аяктады, террористтердин толук талкалануусу менен аяктады”-деп кошумчалады президент.

Мындан мурда россиялык жана сириялык маалымат каражаттары сириянын аскердик күчтөрү ИМдин акыркы анклавын жок кылууга киришкенин жазышкан.

Количество просмотров: 38