Россиянын президенти Владимир Путин 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал Нижний-Новгороддогу Горький атындагы автомобиль заводунун 85 жылдык мааракесинде жумушчулар менен жолугушуу учурунда маалымдаган.
Путин алгачкы жолу 2000-жылдын март айында президенттик кызматка келип, 2004-жылы кайра шайланган. 2008-жылдан 2012-жылга чейин Өкмөттү жетектеп, 2012-жылы кайрадан мамлекет башчылыгына келген.
Эске салсак, Россияда кезектеги президенттик шайлоо 2018-жылдын март айында өтөт. Буга чейин шайлоого катыша турганын ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский, теле алып баруучу Ксения Собчак, журналист Екатерина Гордон үчөө айтып чыгышкан.