• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Путин: Россия ЖККУнун жамааттык күчтөрүн заманбап орус курал-жарак, техникасы менен жабдууну сунуштайт

27 Жетинин айы 202516:09 Бишкек Govori.TV

Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) региондо беделдүү уюмга айланды. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Владимир Путиндин пикиринде, Россия төрагалык кылган жылы уюмдун негизги багыттары боюнча иштерди алып барат. Кызматташтыкты өнүктүрүү, өлкөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо, мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоого өзгөчө көңүл бурат.

«Россия ЖККУнун жамааттык күчтөрүн заманбап орус курал-жарактары жана техникалары менен жабдуу боюнча кеңири программа баштоону сунуштайт. Бул куралдардын натыйжалуулугу реалдуу согуштук шарттарда тастыкталган. Ошондой эле, биргелешкен машыгууларды, атайын бөлүктөрдү даярдоону улантуу пландалууда. Анын ичинде — кезектеги аскердик окуулар, өз ара аракеттешүү, издөө операциялык иш-чаралар. Уюмдун авиациялык күчтөрүн жана абадан коргонуу системасын өнүктүрүү өзүнчө көңүл бурууну талап кылат. Тынчтык орнотуу күчтөрүн колдонуунун механизмдерин өркүндөтүү да маанилүү багыт болуп саналат. Россиянын төрагалыгынын алкагында аскердик тармакта технологиялык лидерликти камсыздоо максатында мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин бекемдөө артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Айрыкча коргонуу-өнөр жай тармагындагы ишканалар ортосундагы кооперацияны тереңдетүүгө басым жасалат. Россия ошондой эле аскердик медицина жаатындагы жаңы жетишкендиктерди колдонууга көмөктөшөт. Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук жаатында жардам көрсөтүү, коркунучтуу оорулардын таралышына каршы биргелешип иш алып баруу улантылат», — деген ал.

Количество просмотров: 135