• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Рахмон ажылыкка кайра-кайра баргандарды сынданды

29 Кулжа 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон исламдын ыйык жайларына кайра-кайра зыярат кылуу фактыларын сынга алды.

Рахмон 27-июнда Курман айтка карата тажикстандыктарга куттуктоо жолдоп, айрым жарандар “Меккеге зыярат кылууну үй-бүлөлүк мелдешке айлантып, бир нече жолу ажылык сапарга барып жатканына” тынчсыздануусун билдирди.

Эмомали Рахмондун айтымында, үй-бүлөлөрү көп кыйынчылыктарга дуушар болуп, татыктуу жашоого тийиштүү шарттар жок болгон учурда дагы ажылык сапарга баргандар кездешүүдө.

Рахмон улам-улам ажылыкка баргандарды сындаса, анын басма сөз кызматы июнь айынын башында Тажикстандагы эң чоң мечиттин ачылышында президент төрт жолу ажылыкка барып, Каабага эки жолу киргенин билдирген.

Жыл сайын Тажикстандан 4 миңдей адам Сауд Арабияга ажылык сапарга барат. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстанда сапардын баасы өтө жогору. Быйыл Мекке жана Мединада зыярат кылууну каалагандар 5 406 доллардан төлөштү.

Количество просмотров: 76