• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Раматов Айыл чарба министринин биринчи орун басары болду

24 Баш оона 202314:40 Бишкек Govori.TV

Мурат Раматов Айыл чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Раматов 1973-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. Буга чейин Жети-Өгүз, Өзгөн райондорунун акими болуп иштеген.

Количество просмотров: 114