• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке жетекчи болду

11 Жалган куран 202216:05 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргызстандын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымдалат.

Ага ылайык президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлүп, агенттиктин директору болуп Равшанбек Сабиров дайындалды.

Белгилей кетсек, Равшанбек Сабиров 2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

Количество просмотров: 458