Жогорку сот мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун ишин кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун адвокаты прокурорлордун кортундусуна ылайык жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти апелляциялык кароого жөнөтүү тууралуу 20-апрелде арыз жазган. Мындан улам Жогорку сот Сабировго карата чыгарылган буга чейинки сот өкүмдөрүн жокко чыгарды.
Кошумчалай кетсек, Равшан Сабиров 2011-жылдын аягында социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган. Жарым жылдан кийин, 2012-жылдын июль айында «пара талап кылган» деген айып менен камалган. Бишкек шаардык соту 2013-жылы мартта экс-министрди күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыраткан. Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Сабиров 2014-жылы амнистия менен абактан чыккан.