• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Ред Петролеумдун” жетекчиси жана УКМК төрагасынын мурдагы орун басары 2 айга камалды

16 Чын куран 202611:42 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 13-июнга чейин камакка алынды.

Райондук сот андан тышкары “Ред Петролеум” бренди менен таанымал “Альфа Ойл” компаниясынын жетекчиси Акылбек Маматовду, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун төрагасынын мурдагы орун басары Бекзат Абдикахаровду да 13-июнга чейин камакка алды.

Алардын баарына тең Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

Количество просмотров: 136