Тимур Шабданбеков УКМК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Шабданбеков Тимур Маратович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Ал эми Жапаров кол койгон дагы бир тескемеге ылайык, Намазов Акылбек Закирович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.