• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Региондордо окуучу оруну бош мектептер бар

14 Жетинин айы 2018 11:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.11.2018. Govori.TV
Бишкек шаарындагы мектептерде окуучулар 3 смен менен окуп, класстар толуп калган. Бирок, ошол эле убакта региондордогу мектептерде окуучулардын орду бош турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Анын айтымында, борбордогу 101 окуу мекемесинде 113 миң бала билим алат. Алардын төртөө жеке, 97си муниципалдык мектептер.
«Мисалы, № 29 мектепте 537 бала окуй турган болсо, учурда 3 миңден ашуун окуучу билим алат. Норма 7 эсеге көп. Ушундай эле көрүнүш № 13 мектепте да бар», -дейт Өмүрбекова.
Учурда Кыргызстанда 173 миң окуучунун оруну бош турат.
«Республика үчүн ири көйгөй-бул авариялык абалдагы мектептер. Бүгүнкү күндө 193 билим берүү объектиси авариялык абалда. Анын ичинен 14 мектепке оңдоо талап кылынат. 168 мектепти кайра куруш керек», -деди Алтынай Өмүрбекова.
Количество просмотров: 36