КСДПнын жаштар канатынын мурдагы жетекчиси, жарандык активист Ренат Самудинов менен жубайы Эльнура Молдокадырова 4 айдан бери АКШнын Калифорния штатынын Аделанто шаарындагы атайын кармоочу жайда жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма соз кызматы маалымдады.
“АКШ саясий баш паанек берүү маселесин купуя карагандыктан, так маалымат алууга жана жарандарыбыз менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Бирок биздин элчилик АКШнын депортация жана иммиграциялык кызматы менен тыгыз байланышып, керек болсо укуктук-юридикалык жардам берүүго даяр турат,-деп жазылат ТИМ тараткан маалыматта.