• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Республика – Ата Журт” фракциясы мэрликке талапкер Суракматовду суракка алды

2 Баш оона 2018 17:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.08.2018.Govori.TV.
Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга кирбей калган “Республика – Ата Журт” фракциясы баш калаанын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов менен жолукту.
“Республика – Ата Журт” фракциясы 2 -августта кезексиз жыйын өткөрүп, мэрликке талапкер Азиз Суракматовдун шаарды өнүктүрүү программасы менен таанышты.
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов негизги көйгөйлөр  катары жол, коомдук танспорт, жарыктандыруу өңдүү маселелерди атап өттү.
Мэрлик кызматка Азиз Суракматов гана талапкер катары катталган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Ага альтернатива боло турган талапкерди өзүн оппозиция деп атаган Республика – Ата Журт” фракциясы көрсөткөн жок.
Ошол эле маалды, “Биздин укук” коомдук фонду Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгарууну өтүнүп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Борбордук жана шаардык шайлоо комиссиясына кайрылды. Фонддун жетекчиси Калича Умуралиеванын “Азаттыкка” айтканына караганда, мэр аттандаштыктын негизинде шайланышы керек.
Ал эми, Азиз Суракматов «Елизавета»өңдүү ири курулуш компаниясына байланыштуу. Бул компания Бишкектин чок ортосуна, эң кымбат жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү, коммерциялык жайларды куруп келгени менен белгилүү. Ал бул компанияны курулуш тармагында бир топ жыл бою жетекчилик кызматтарда жүргөн атасы түптөгөнүн билдирди. Кызматы менен жакын туугандарынын бизнестеги кызыкчылыктарынын кагылышы тууралуу маселени шайлоо өткөндөн кийин ойлонорун айтты.
Шаар башчысын шайлоо 8-августка белгиленди.
Количество просмотров: 24