“Республика-Ата-Журт” фракциясы парламенттик көпчүлүккө кириши мүмкүн деп өздүк булактарына таянуу менен АКИpress сайты жазып чыкты.
Мындай учурда спикер Дастан Жумабеков кызматтан кетип, анын ордуна Иса Өмүркуловдун келиши күтүлүүдө. Ал эми КСДП фракциясын жетектөө Кожобек Рыспаевге жүктөлөт, Кожобек Рыспаев жетектеп турган “отун-энергетика комплекси, кен пайдалануу” комитетине Азамат Арапбаевдин келиши мүмкүн.
Жогорку Кеңештеги бул өзгөрүүлөр жаңы жылга чейин чечилип калышы мүмкүн деген сайттын өздүк булагы.
Учурда көпчүлүк коалицияга КСДП, Кыргызстан жана Бир Бол фракциялары кирет.