• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Россияда мигранттардын балдары орусча билбесе, мектепке алынбайт

11 Бештин айы 202411:56 Бишкек Govori.TV

Бул боюнча мыйзам долбоору Мамдумада биринчи окууда өткөнү кечээ белгилүү болду.

Мыйзам долбоору боюнча, чет элдик жарандар өз үй-бүлөсү менен Орусияда мыйзамдуу жүрөт деген уруксат кагаздарын көрсөтүп жана тил боюнча тесттен өткөндө гана окууга кабыл алынат. Орус тилин билүү деңгээли билим берүү программасын өздөштүрүүгө жетиштүү болууга тийиш.

Мамдума билдиргендей, окуу жылынын башында өткөрүлгөн мониторинг боюнча, мигранттардын балдарынын 41% орус тилин жакшы билбей тургандыгын көрсөткөн.

Мамдума депутаттары мыйзам долбоорун бүгүн 11-декабрда карап аягына чыгарууну көздөшөт. Бул мыйзам кабыл алынып кол коюлса, 2025-жылдын жазынан тарта күчүнө кирмекчи.

Количество просмотров: 105