• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Россиялык аскерлер Казакстанга келип түштү

6 Үчтүн айы 2022 16:09 Бишкек Govori.TV

Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанда кызматын өтөй баштады. Бул тууралуу бейшембиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгы билдирди. Маалыматка караганда, Аба-десанттык аскер бөлүктөрүн учактар менен жөнөтүү уланып жатат. Катчылык бейпилдик контингентине Беларус, Армения, Тажикстан жана Кыргызстан киргенин белгиледи.

Буга чейин Орусиянын бир катар маалымат каражаттары ЖККУнун контингентинин алгачкы аскерлери Казакстанга келип конгонун жана кызматка киришкенин жазышты. Мамлекеттик «РИА Новости» агенттиги 6-январда кабарлагандай, уюмдун бейпилдик күчтөрүнүн аба-десанттык тобу казак жергесине кирди. ТАСС агенттиги да ушундай жаңылык чыгарды.

Аскердик блокко төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн 6-январда «Фейсбукка» жарыялаган.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды «сырткы агрессия» деп атап, аларды «чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн топтор» уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат.

Количество просмотров: 1067