• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сүйүнчү! Акталаадагы Актал-Чат көпүрөсү ачылды

13 Кулжа 2018 10:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13. 06. 2018. Govori.TV
Бүгүн, 13-июнда Акталаа районуна караштуу Актал-Чат-Казарман  авто жолундагы көпүрөнүн курулушу аяктап, бүгүн ишке берилди. Жергиликтүү калк көптөн күткөн бул жакшы окуяга Govori.TV маалымат агенттигинин кабарчылары да күбө болушкан.

Акталаанын борбору Баетов айылы менен Куртка, Тоголок-Молдо, Жогорку-Май жана Ак-Кыя айылынын тургундарын туташтырып турган бул көпүрө былтыркы жылы иштен чыкканы белгилүү. Бул боюнча, КРнын Транспорт жана жолдор министрлиги 30 млн. сом 2017-жылы бөлүп, көпүрөнү реконструкция кыла турган жеке компания ишти чала аткарып, каражатты кымырган бойдон дайынсыз кеткени, алардын үстүнөн кылмыш иши ачылганы да маалым.

Ал эми быйылкы жазда кирген суу көпүрөнүн тирөөчтөрүнөн бери агызып, районго 200 чакырым жолду айланып жүдөгөн тургундар, суудан аркан менен жөө жалаңдап өтүп жатканын да биздин агенттик жарыкка чыгарган элек.
Жергиликтүү калк Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин көпүрөнү 15-июнга чейин бүткөрүү талабы орундалып, ыйык Орозо айт майрамынын алдында көпүрөнү ишке берип, жолду ачкан курулуш компаниясы менен жергиликтүү бийликти алкап жатышат.

Количество просмотров: 54