• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Сүйүнчү! Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду

14 Чын куран 202318:57 Бишкек Govori.TV

Тайырбек Жумашбек уулу Казакстанда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.

Жумашбек уулу 61 кг салмакта турнирдин чейрек финалында япониялык балбанды 4:1 эсебинде утса, жарым финалда ирандык спортчуну 11:2 эсебинде артта калтырды.

Алтын үчүн кармашта кыргыз балбаны кытайлык Лю Минхуга каршы килемге чыгып, атаандашын 4:2 эсебинде жеңип, чемпион аталды.

Кыргызстандын куржунунда жалпы 13 медаль топтолду.

Количество просмотров: 235