• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сүлүктүдө аскер кызматкерлерине батирлер тапшырылды

12 Бештин айы 202516:51 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында аскер кызматкерлерине арналган кызматтык батирлер расмий түрдө пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышканын, Region телеканалы билдирди.

Анда белгиленгендей, Сүлүктү шаарындагы 2051 аскер бөлүгүнүн аймагында жайгашкан, мурда кароосуз калган төрт кабаттуу имарат республикалык бюджеттин эсебинен толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 64 батирлүү заманбап кызматтык турак жайга айландырылды.

Оңдоо жана реконструкциялоо иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, октябрь айында толугу менен аяктаган. Алар бардык санитардык-техникалык жана социалдык талаптарга жооп берген шарттар менен жабдылды.

Количество просмотров: 102