• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сүлүктүдө шахтада 4 адам каза болду

11 Бештин айы 2019 9:10 Бишкек Govori.TV

Сүлүктү шаарындагы шахтада 4 адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө «Ормон» ЖЧКнын шахтасынын кызматкери Назырбек Кудайбердиев билдирген.

Анын айтымында, окуя кечээ, 10-декабрь күнү саат 16:50 чамасында болгон.

Окуя болгон жерге капитан А.Мовлянов баштаган 7 куткаруучу саат 16:55те жөнөп кетишкен жана саат 18:05 чамасында 215 метр тереңдиктен газга ууланган тургундарды алып чыгышкан. Саат 18:15 чамасында шахтага Баткен облусунун Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Улан Мурзамуратов барганда Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айбийке айылынын 4 тургуну газга ууланып каза болгондугу аныкталган. Алардын ичинде бир туугандар бар.

Каза болгон тургундар:

— 1985-жылы туулган Н.К.Э.;

— 1987-жылы туулган Н.Ш.Э.;

— 1976-жылы туулган А.Н.;

— 1996-жылы туулган К. уулу Н.

Каза болгондордун сөөгү ата-энесине жана туугандарына өткөрүлүп берилди.


Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 97