• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сөз эркиндиги: «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы менен медиа коомчулук тегерек столго чогулду (түз эфир)

26 Бугу 2023 10:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңеш теги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы менен медиа коомчулук тегерек столго чогулду.

Жыйында медиа эксперттер, ЖМК өкүлдөрү өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын, коомдук талкууга коюлган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорундагы тобокелчиликтерди талкуулап жатат.

«Арча Медиа» басылмасынын башкы продюсери Дмитрий Ложников буларга токтолду.

«Өлкө башчы Садыр Жапаров медиа коомчулук менен жолугуп, жумушчу топтун пикирин эске алышы керек. Коомдук талкууга коюлган мыйзамды артка кайтаруу зарыл. Венеция комиссиясы президенттик аппарат тарабынан даярдалган мыйзамга корутунду берсин. 2022-жылдын 15-ноябрында медиакоомчулуктун, парламент депутаттарынын, президенттик администрациянын, эл аралык уюмдардын катышуусунда өткөн тегерек столдо президенттин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов мырза «ЖМК тууралуу» мыйзам долбоору корутунду чыгарып берүү үчүн Венеция комиссиясына жиберилет деп милдеттенме алган. Бирок бул иш дагы аткарылган жок», — деди Ложников.

Количество просмотров: 111