Грузиянын экс-президенти, грузин-украиналык саясатчы Михаил Саакашвили батирин тинтүүдөн соң кармалды. Укук коргоо органдары Саакашвилинин үйүнүн эшигин талкалап тинтүү жүргүзгөн. Саясатчы укук коргоо органдарынан үйүнүн терезеси аркылуу качып 8 кабат үйдүн чатырына чыгып кетип, укук коргоо кызматкерлери жолосо секирип кетем деп коркуткан. Оппозиционер чатырда бир канча мүнөт өткөзүп “мыйзамсыздык жана Порошенконун бандасы” тууралуу айтып, тарапташтарын күрөшүүгө чакырып кыйкырып турган.
Саакашвили жашаган үйдүн жанында анын тарапташтары менен укук коргоо органдары кагылышууга барды. Жыйынтыгында укук коргоо кызматкерлери тарапташтарын курчоого алып, көчөнүн аягына сүрүп салышкан.
Украина укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Михаил Саакашвили акыркы күндөгү Киевде болуп жаткан митингди каржылап жатат деп шектелген экс-президент Виктор Януковичтин айланасындагылар менен байланышы бар деп шектелүүдө.
Эске салсак, Украинанын Одесса облусун кыска мөөнөттө башкарган Михаил Саакашвили президент Петр Порошенкого оппозиция чыгып, ага импичмент жарыялоону көтөрүп жаткан.