Киевде Михаил Саакашвилини анын тарапташтары Украинанын Коопсуздук кызматынын автоунаасынан бошотуп кетишти. Саакашвили өзү андан кийин топтолгон элди «Майданга барып, Украинаны президент Петро Порошенконун «бандасынан» куткаруу процессин баштоого» үндөдү.
Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвилини эртең менен Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап кетишкен. Анын үйүндө тинтүү да жүргүзүлгөн. Саакашвили башында турган «Жаңы күчтөр кыймылы» эки күн мурда Киевде президент Петро Порошенконун импичментин талап кылган чоң митинг өткөрүп, ага миңдеген жарандар чыгышкан.
2004-2013-жылдары Грузиянын президенти болуп турган Саакашвили мекенинде кызматтан кеткенден кийин «төңкөрүш уюштурууга аракеттенген» деп шек саналууда. Бирок ал өзү расмий Тбилисинин мындай дооматтарын четке кагып келатат.
Андан кийин Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан да ажыратып салган.