Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, саат 18:00гө карата 969 787 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 23,45% түзөт.
Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү саат 8.00дө башталды, кечки саат 20.00дө жыйынтыкталат. Боршайкомдун маалыматына караганда, республика боюнча жалпысынан 2 миң 437 добушкана ачылды.